Воскресенье, 24-05-19, 04:13

Яхши сўз ва кечириш, ортидан озор келадиган садақадан кўра яхшироқдир.

ҲИМОЯЧИ

ХАЛҚАРО ҲУҚУҚ ҲИМОЯЧИЛАРИ ЖАМИЯТИ
O'ZBEKCHA  РУССКИЙ   ENGLISH   SVENSKA    AF SOMALI    العربيه
МАНЗИЛИМИЗ Бош саҳифа Рўйхатдан ўтиш КИРИШ
САЛОМНОМА, Гость · RSS
Б Ў Л И М Л А Р
ИНСОН ҲУҚУҚЛАРИ [284]
ҲУҚУҚ ҲИМОЯЧИЛАРИ ХАЁТИДАН ЛАВХАЛАР [72]
ҲУҚУҚ ХИМОЯЧИЛАРИ ЁЗИШМОҚДА [211]
ИСЛОМ ВА МУСУЛМОНЛАР [183]
ШЕРИЯТ ГУЛШАНИ [85]
СОBРИНДОРЛАР [11]
ЭЪЛОНЛАР [16]
ОЧИҚ ХАТЛАР [24]
БАЁНОТЛАР [21]
МАХБУСЛАР ХАЁТИДАН [51]
МУХОЖИРЛАР ХАЁТИДАН [127]
АДАБИЁТ ВА САНЪАТ [18]
СИЁСАТ [73]
ТАРИХ [15]
ВИДЕОЛАВХАЛАР [27]
ҲИКМАТЛАР ХАЗИНАСИ [2]
ЖУРНАЛИСТЛАР ХАЁТИДАН [49]
АМАЛДОРЛАР ХАЁТИДАН [31]
МУРОЖААТНОМАЛАР [29]
НОРОЗИЛИК НАМОИШЛАРИ [37]
БОЛАЛАР МЕХНАТИ [10]
ХАЛОКАТЛАР [12]
ЙИҒИЛИШЛАР [12]
ТАРИХИЙ ШАХСЛАР [11]
С П О Р Т [13]
ТАБОБАТ ХАЗИНАСИДАН [25]
РАДДИЯЛАР [6]
ТАЗИЯНОМАЛАР [9]
Д У Н Ё Х А Б А Р Л А Р И [139]
Қ И Й Н О Қ Л А Р [25]
АДВОКАТЛАР ХАЁТИДАН [6]
БАХС-МУНОЗАРА-МУХОКАМА [78]
ҒАЙРИДИНЛАР ХАЁТИДАН [0]
ЭШИТТИРИШЛАР [31]
ДИНИЙ МАРУЗАЛАР [15]
СУД, ПРОК, МИЛИЦИЯ [18]
ФАХШ ИШЛАР [16]
ЭКСПЕРТЛАР ХУЛОСАСИ [1]
Қ И Р Ғ И З И С Т О Н [177]
Б Б С Мехмонлари [22]
Қ О З О Ғ И С Т О Н [5]
МАЖБУРИЙ МЕХНАТ [2]
Т О Ж И К И С Т О Н [20]
Р О С С И Я [22]
ЖАЗОГА ХУКМ ҚИЛИНГАН [9]
Ў З Б Е К И С Т О Н [74]
Ш В Е Ц И Я [0]
МУХИДДИН ҚЎҚОНДИЙ ШАХСИЙ САХИФАСИ [4]





АЛЛОҲНИНГ  ГЎЗАЛ  ИСМЛАРИ

ШАЙХ МУХАММАД СОДИҚ МУХАММАД ЮСУФ ХАЗРАТЛАРИНИНГ МАРУЗАЛАРИ

Х А Л Қ И М

Б Е Н А М О З

КАРИМОВНИНГ ХАБАРИ ЙЎҚ

ЎЗБЕКИСТОН БОЛАЛАРИ

ЖАННАТДАГИ КУНДОШИМ

Pepsi ва Coca-Cola ХАРОММИ ?

Би-би-си мехмони Швециялик муҳожир

Е-322 МОДДАСИ

"МХХ билан келишув амалга ошмади"

Фан ҳижобнинг фойдали эканлигини тасдиқлади

"Гуноҳим рўмол ўраганимми?”

Эр - хотин кишининг ярим пири..?

Погон таққан
қиз ўғрилари

ТАШАККУРНОМА

Террорчилик - Ғарб маҳсули

Гегемонлик васвасаси

Ўзбекистонга   қайтган
аëл  қамоққа  олинди


Каримов ғарбни ўйинчоқ қилмоқда

Имомлардан маломатларни кўтариш

АҚШ элчиси Каримовни қизлари хақида айтганлари


 
Главная » 2010 » Июль » 16 » Ош окуясын Ташкен уюштурган
17:17
Ош окуясын Ташкен уюштурган
 Ош окуясын Ташкен уюштурган
Алишер Токсонбаев
1990-жылдын 4-июнь күнү өлкөнүн түштүк борборундагы эки негизги улуттун өкүлдөрүнүн жер талашы Ош жаңжалынын ырбашына шылтоо болгон. Анын түпкүлүгүндө Кыргызстанды бөлүп-жаруу кызыкчылыгы жаткан.
Ошентсе да, мындан жыйырма жыл мурунку кандуу окуяга убагында саясий баа берилбей калышына Кыргызстандын жогорку бийлиги айыптуу. Учурда мындай кайдыгерликтен ички жана тышкы күчтөр пайдаланып, улуттар аралык араздашууну кайра жандандыруусу толук ыктымал. Бул туурасында окуянын активдүү катышуучусу, «Ош аймагы» коомунун төрагасы, тарыхчы Камбаралы Бектемиров «Азаттыктын» суроолоруна жооп кайтарып жатып билдирди.

- Камбаралы мырза, 1990-жылкы «Ош аймагы» кыймылы уюшулган. Анын башында кимдер турган, кандай мүдөөнү көздөгөн эле?

- 1990-жылы түндүктө Кыргызстан демократиялык кыймылы, ага чейин «Ашар» козголушу жер алууга умтулгандардын башын бирктирип турган. Түштүктө, айрыкча Ош жергесинде орун-очогу жок, каттоосуз жумушка орношо албай жүрүшкөн жалаң жаштарды гана эмес жалпы кыргыздарды уюштуруп, советтик-партиялык системанын доорунда тайманбай чыкканбыз.

Мен азыр деле канааттануу менен айта алам, биз ошондо мүдөөбүзгө жеттик. Муну кийин кайсыдыр бир саясатчылар, мисалы, КДКны түптөгөндөрдүн бири Жыпар Жекшеевге окшогондор «Түштүктө «Ош аймагы» улуттар аралык маселени көтөрүп жиберди» деп капаланышты. Эми бул актануубу же кимдир бирөөлөргө жагалдануубу, айтор, түшүнбөй калдым. Ага Турсунбек Акун өңдөнгөндөр кошулуп алганына күйөсүң. Агезде түштүк жергесинде кырдаал башкача эле. Жер жана отрукташуу маселелери үйүлүп олтуруп улуттук араздашуу деңгээлине өсүп жетилгендигин билгенбиз. Чындыгында, жарылууну ооздуктоо а мезгилде кыйын эле. Мындан тышкары кандайдыр бир саясий күчтөр, ошондой эле Орус саясаты чатактын ырбашына түрткү жасады. Бирок мындан жаңы уюшулган коомдун мүчөлөрү жалтанган жокпуз.

Этикага сыйбаса да тарых үчүн айтып коюуга тийишмин, «Ош аймагынын» башында өзүм турдум. Мага он бир жигит катуу жардамдашты. Көбү жумушчу табынын өкүлдөрү, интеллигенциянын эки гана кишиси бар эле. Айып этпегейсиздер, тилекке каршы, интеллигент калкы коркок, саткын, анан кошоматчыраак болот экен. Кийин ал экөө тең ич ара сүйлөшкөн сөдөрдүн, белгиленген окуялардын жана маанилүү кагаздардын бардыгын чып-чыргасын коротпой керектүү жерге жеткирип турушуптур. Анысы кийинчерээк билинип калып, ишенчиликтен кетишти.

- Айрым адамдар шектенип жүргөндөй, Сиз жетекчилик кылган коом улуттар аралык чыр-чатактын тутанышына себепчи болгон эмес беле?

- Албетте, биринчиден, өзбектер Ош шаарында кыргыздардын көбөйүшүнө караманча каршылыгын билдиришкен. Экинчиден, ошол эле Фергана окуясындагы түрк месхеттердин кагылышына, кийинчерээк Оштогу өзбектердин «Адолат» кыймылынын баш көтөрүшүнө, алардын калыптанып, саясий жанан каржылык жактан өйдөлөшүнө расмий Ташкен түздөн-түз колдоо көрсөтүп тургандыгын биз унутпашыбыз керек. Муну эмне үчүн коркуп айтпай жатабыз? Булар Ош, Кара-Суу, Араван, Ноокат чөлкөмдөрүн кошуп туруп Ош автономиялуу Өзбек республикасын уюштурууну пландаштырып, аны жүзөгө ашырууга камданып жүрүшкөн болчу. Биз муну билгенбиз. Ошон үчүн жер басып алуу менен бирге кыргыздарды Ошто жана башка аймактарда көбөйтүүгө үлгүрүп калдык. Антпегенде бул маселе абдан чиеленишип кетмек.

- Ошогездеги компартиянын Ош обкомунун биринчи катчысы, учурда «Жаңы Кыргызстан» саясий уюмунун лидери Үсөн Сыдыковдун бул ишке канчалык деңгээлде тиешеси бар?

- Үсөн Сыдыков – нукура партиялык кызматкер. Кандай аталыштагы партия уюштурбасын бул киши партократ бойдон калаарынан шек санабайм. Ал эми Ош окуясына анын таптакыр тиешеси жок. Тескерисинче, Үсөн Сыдыков жаңжалдын чыгышына, кыргыздардын шаардан жер участок алышына же болбосом маселелердин чечилишине караманча каршы турган. Ошентсе да, бул киши саясий интригаларды уюштургандардын арасында болушу ыктымал. Анан жанагыл Апсамат Маселиев, эми кечирип койсун, өлгөн адамды жамандабайт дейт, а дагы коркок болгон. Биз аларга убагында кайрылганбыз, «Маселени урбатпай чечкиле!? Каршылашууга жеткирбегиле. Өзбек туугандар катуу даярданып атат. Автономия курабыз деп чогулуп атат. Кагаздары дээрлик бүтүп калды» деп. Булар чара көрүштүн ордуна КГБны жана прокуратураны айдактап, кайра бизди катуу куугунтуктаган.

- Камбаралы мырза, айрым маалыматтарда жаңжалды Оштогу ошогездеги өзбек лидерлери ырбаткан деп айтылат. Окуянын башынан аягына чейин аралашкан киши катары Сиздин пикириңиз кандай?

- Бул жерде инсандык духу, адамдык руху жана ички дүйнөсү күчтүү болсо, Даврон Сабиров деген жакшы жигит бар, ал мени унутпаса керек. Ошол киши менен сүйлөшсөңүз дурус болмок. Сиздерге маалым, өзбек улутундагылар расмий Ташкендин колдоосу аркасында кесиби саатчы, жөнөкөй саясатты түшүнбөгөн инсанды башчы кылып шайлап, анын артында ушул эле улуттагы партиялык-чарбалык, соода-сатык кызматта иштегендер турушкан. Алар, чындыгында, Ош облустук автономиялык республиканын түзүлүшүн абдан каалашкан. Ооба, биз муну билгенбиз. Ошондуктан, ага каршы бекем турдук. Ошон үчүн биз айылдардан жана башка жерлерден кыргыз жаштарын айроыкча Ош шаарына топтоого шашылдык жана ага үлгүрүп калдык. Мен муну эч качан жашыргым келбейт.

- Канетсе да, ошол улуттар аралык кагылышуудан каза тапкандардын, майыпка айлангандардын жана дайынсыз жоголгондордун саны эмдигиче так айтылбай келатат. Балким, бул туурасында Сиздин эсебиңиз бардыр?

- Мен өзбек улутундагылар туурасында айткым келбейт. Кыргыз улутундагылардан каза тапкандардын толук тизмеси бар. Сүрөттөрү жана бүтүндөй документтери менде сакталуу. Ким кайсыл айылдан экендиги даана жазылган. Ушунча жылдан бери мени бир гана нерсе түйшөлтөт, Алишер мырза. Мунабул «Азаттык» жана Би-Би-Си үналгылары дүйнөлүк айкындуулукту кааласа, ошондой эле чындыкты тараткысы келишсе, эмне үчүн жыйырма жыл мурунку окуяларды терең иликтеп, элге ачык жарыялашпайт? Же булар дагы кандайдыр бир саясий элитага баш ийишеби, болбосом, алар менен эсептешеби? Же жең ичинен кандайдыр бир мамилелери барбы? Кечирип коесуздар, бул доомат эмес. Айтылбай турган сөз эле, учурдан пайдаланып айтылып кетти өзү эле.

Экинчиден, бүгүнкүгө чейин кимдер гана бийликке олтурбады. Өзбек улутунан, өзбек диаспорасынан жалтактап турушат. Сиздер эмне үчүн ушуну айтпайсыздар. Кана, Өзбекстандын Жогорку Кеңешинде канча кыргыз бар? Нече министр бар? Биздечи? Алишер Сабиров, Даврон Сабиров жана башка жети-сегиз депутат бар. Ал эми жалал-абаттык Кадыржан Батыров деген өзбек жигит ачыктан ачык «Оңтойлуу учурга туш келип калдык. Ушундан пайдаланып өзбек тилин расмий кылып, өзүнчө автономия түзүшүбүз керек!» деп жарыялады. Кана мамлекет? Кана жетекчилер? Кана органдар? Эмне үчүн аны жоопко тартышпайт? Эмнеден чоочуп жатышат? Демек, бул жерде дагы оюн болуп атат. Өлкөнү башкаргандар эртеңкисинен коркуп, ачыкка чыга албай атышат. Улуу Владимир Ильич Ленин таамай ырастаган: «Мы должны избавляться от политических проституток!». Эми бул тарыхый сөз. Мен дагы кулак кагыш кылмакчымын: бүгүндөн калбай арам ойлуу саясий оюнчулардын кутулганабыз кажет.

Чыныгы улутчул, болгондо да кыргыз улутчул, бирок улутчул дегенде ойлобогула, жалаң кыргыз эле болсун дегендик эмес, кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин, кыргыз тилинин, кыргыз маданиятынын, ошондой эле өлкөнүн бүгүнкүсү жана болосгу үчүн күйгөн, кызыкчылыгын кашык каны калганча талашкан адамдар бийликке келмейинче, биз оңолбойбуз. Ошондой тагдырга тушукканыбызда гана өсүп-өнүгөбүз. Эгерде биз дагы эле улуттук сезимдерге ойноону улантсак, азыркындай төңкөрүштөр жана көтөрүлүштөр эзели токтобойт.

- Биз кеп кылып жаткан трагедияга мына бүгүн туптуура жыйырма жыл толду. Тилекке каршы, азыркыга дейре окуяга эмне үчүн тарыхый жана саясий баа бериле элек?

- Өзбек диаспорасы шайлоолордо басымдуу электорат болуп эсептелет. Ошондуктан, мурунку президенттен Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана азыр бийликте олтургандар ошолордун добушунан айрылып калбас үчүн бул маселени көтөргөн эмес, мындан ары козгобойт дагы. Мындай бир мисалды тартайынчы. Эстония, Литва жана Латвия деген чакан мамлекеттер бар. Булар улуу орус элине каяша айтып, айбат көрсөтүп турушат. Менимче, убакыт жетти. Өзбек калкы биздин арабызда мамыр-жумур жашап келген, дагы да жашай берет. Алар менен ойноонун жана алардан коркуунун эч кандай кажети жок! Булардын байлары менен жең ичинен сүйлөшүп, шайлоо өткөрүүнү токтотуш керек! Себеби, өзбек калкы дагы эртеңкисин ойлогон эл. Республиканы ким ээрчитип, алдыга жетелей турган болсо, алар дагы карап турушпайт. Улутуна карабастан добуш ташташына мен терең ишенем.

Ооба, эртедир-кечтир Кыпргызстандын камын жеген акылдуу, билимдүү инсан бийликке олтурат. Ал аялбы, эркекпи, жашпы же карыбы, жалтанбастан Ош окуясын териштирип, сөзсүз баасын берет. Мен дагы муну ачык айтууга бир нече ирет далалаттандым. Мага карата ушу кезге дейре саясий жана бийлик кысымы токтогон жок. Бирок ошол жаңжалды уюштургандардын бала-чакасы, небере-чөбүрөсү чындык ачыкка чыкканда эл астында уят болоорунан күмөнүм жок. Акылга сыйбаган жоруктарды жасаган кишилер, ошентип, тарыхта кара тамгалар менен жазылып калаарына бөркүмдөй ишенем.

- Эксперттер ырасташынча, азыр деле улуттар аралык мамиле Ош жергесинде жайында эмес. Улам курчуп бараткан кырдаалдан кээ бир күчтөр пайдаланышы толук ыктымал. Камбаралы мырза, ушундай жоромолго кошуласызбы же четке кагасызбы?

- Муну түздөн-түз өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп кетүүнү каалагандар абдан көп. Себеп дегенде эң ыңгайлуу жагдай – улуттарды кагыштыруу. Бирок өзбек эли андай тирешүүгө барбайт! Анткени, булар Ош жергесинде отурукташып калган калк. Алардын бизнеси, турмуш-тиричилиги соода-сатык жана тейлөө менен аралашкан, калыптанып калган. Ошон үчүн алар ушул салтты бузгусу келбейт. Ошондой эле аянтка чыгып, кандайдыр бир саясий оюндардын курмандыгына чалынгысы келбейт.

- Ош окуясы өткөөл мезгилде кайталанбасы үчүн Убактылуу өкмөт биринчи кезекте кандай чараларды көрүүсү зарыл?

- «Биздин Кыргызстанда акыбал нугуна түштү, куда кааласа, мындан ары дагы жакшырат» деген бул жаш баланы соороткондой кеп. Каратып туруп алдамай. Элди аралап сүйлөшсөңөр, алар кимде ким масса менен тил табыша алса, ошолордун жетегинде кетүүгө даяр.
Мына, жаңы Конституция кабыл алынганы турат. Анда орус тилин антебиз-минтебиз деп сайрап атышат. Ыя, айланайындар, орус тилин кадырлап алаар улуу орус эли турат. Орус тилине жыйырма беш ирет макам ыйгарсак деле, майнап чыкпайт, андан жыргап кетпейбиз. Андан көрө биз бүгүн кыргыз тилинин, кыргыз элинин жана кыргыз мамлекетинин тагдыры жөнүндө ойлонбойлубу? Мына, Баткендеги окуя. Мындай кырдаал азыр бардык жерде кайталанганы калды. Ички интригаларды жыйыштырып, коңшулар менен теңата сүйлөшүп, көп маселелерди чукул чечүү зарыл. Алдыдагы шайлоолордо жалгыз партиягабы, же блоккобу, же ошолорду жетектеген татаыктуу кишигеби, айтор, жакшылап баа берип, ынтымакчылыкта шайлап албасак, келечегибиз опурталдуу болуп турат.

- Жаңылышпасам, жыйырма жыл мурунку улуттар аралык кагылышуу мезгилинде набыт тапкандарга жана дайынсыз жоголгондорго арналып эстелик орнотуу демилгеси көтөрүлгөн эле. Ал маселе кантти? Анан маркумдардын жана дарексиздердин үй-бүлөсү, бала-чакасы мамлекет тарабынан камкордукка бөлөндүбү же аларды бийлик көңүл сыртында калтырдыбы?

- Алардын социалдык абалын сураган пенде жок. Сиз жана Үсөн Сдыков жөнүндө айтпадыңызбы, ошо киши Ош обкомун башкарып турганда, андан тышкары Апсамт Масалиев республикада биринчи катчы кезинде бул маселеге кайрылууну туура көрүшпөдү. Бардыгы коркуп келишти жана азыр деле чочулап олтурушат.

Мен 90-жылдары Оштогу эң ири насос заводунда бөлүм башкарат элем. Төрт бөлмө үйүм, жетишээрлик оокатым бар болчу. Өмүрүмдү тобокелчиликке салып, Оштогу кыргыз жаштарын улуттук деңгээлге көтөрдүм. Бирок, ошондон бүгүнкүгө дейре жумузсуз жүрөм. Эмне дегенде, Ош окуясында Москвадан түшкөн тергөөчүлөр мени соттоп, камашкан. Алар мага улутчул жана эстремист деген жарлык тагышкан. Ошентип, жумуштан да айдашкан. Бирок кудайга миң мертебе шүгүр, көрөөр күнүм, ичээр суум түгөнбөптүр, тирүүчүлүктүн доорун сүрүп атам.

Акырында айтаарым, «Азаттык» үналгысы Кыргызстандагы окуяларды тайманбай, калыс чагылдырып жатканына мен ыраазымын. Дайыма ушул калыптан жазбаңыздар. Анткени, биз ачык-айкынбыз, көз карандысызбыз деген гезиттер, теле жана радиокомпаниялар көп учурда адилеттүүлүктөн тайып, эл-журтка чындыкты жеткирбей жатышат.
04.06.2010
Категория: Қ И Р Ғ И З И С Т О Н | Просмотров: 1880 | Добавил: himoyachi | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]
Copyright MyCorp © 2024
ҚИДИРИШ

Бесплатный хостинг uCoz